АКШ Орусияны айыптады

(АКШ) Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялады.

2134848
АКШ Орусияны айыптады

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Орусияны Украинада химиялык куралдарды "согуш каражаты" катары колдонууда деп айыптап, ушул алкакта 280ден ашуун киши менен мекемени санкциялык тизмесине кошту.

(АКШ) Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялады.

Мэттью Миллер Москваны Украинада химиялык куралдарды согуш каражатына айлантып, бул өлкөдө 2022-жылдан бери уланып келе жаткан согушта "хлоропикрин" химиялык куралын колдонгон деп айыптады.

Мунун Химиялык курал конвенциясын ачык бузуу экенин белгилеген Миллер: «Мамлекеттик департамент Химиялык жана биологиялык куралдар мыйзамынын алкагында Орусиянын Украинада «хлоропкин» колдонгон жана Химиялык курал конвенциясын бузган деген жыйынтыкка келди»,- деди.

Миллер, бул контекстте АКШнын Мамлекеттик департаменти менен АКШнын Каржы министрлигинин, Орусияга химиялык курал жабдыктарын жана буюмдарын жеткирүүдө роль ойногону себептүү 280 киши жана мекемени санкция тизмесине кошконун кабарлады.

Орусия болсо АКШнын бул дооматтарын четке кагып, билдирүүнүн негизсиз экенин жактады.



Тектеш кабарлар