Тынчтык конференциясына Орусиянын реакциясы
Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, борбор шаар Москвада актуалдуу темалар тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Орусия Швейцарияда өтө турган Украинага байланыштуу тынчтык конференциясын сынга алды.
Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, борбор шаар Москвада актуалдуу темалар тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Швейцариянын кожоюндугунда 15-16-июнда боло турган Украинага байланыштуу тынчтык конференциясы тууралуу суроого жооп берген Песков Орусиянын бул конференцияга катышпай турганын айтты.
Орус катчы: «Бул тынчтык конференциясынын кандай экенин түшүнбөй жатабыз. Орусия катышпаган конференцияда олуттуу күтүүлөр жөнүндө кантип айта алабыз? Бул таптакыр мүмкүн эмес. Мунун жыйынтыкка багытталган демилге эмес экени айдан ачык. Сүйлөшүүлөргө мамилебиз болсо белгилүү. Бул маселе боюнча мамилебиз ырааттуу, ачык жана президент (Владимир Путин) тарабынан көп жолу кайталанган», - деди.
Швейцария Конфедерациясынын башчысы Виола Амхерд, 15-16-июнь күндөрү Украина Тынчтык саммитин өткөрө тургандарын билдирген.
Саммитке дүйнөнүн төрт бурчунан 160тан ашуун делегациянын чакырылганы маалымдалган.
Тектеш кабарлар
Бразилиядагы селден каза болгондордун саны көбөйүүдө
Каза болгондордун саны 169, дайынсыз жоголгондордун саны 56 деп жаңыланганы белгиленди.