Колумбия Израиль менен дипломатиялык алакаларын үзүүдө

Баш калаа Боготада өткөрүлгөн «1-Май Эмгек жана тилектештик күнүнүн» иш-чараларына катышкан Густаво Петро тарыхый Боливар аянтында элге кайрылуу жасады.

2134335
Колумбия Израиль менен дипломатиялык алакаларын үзүүдө

Колумбиянын президенти Густаво Петро, Газадагы Палестина элине каршы уланып жаткан кол салууларынан улам эртеңден баштап Израиль менен дипломатиялык алакаларын үзө турганын жарыялады.

Баш калаа Боготада өткөрүлгөн «1-Май Эмгек жана тилектештик күнүнүн» иш-чараларына катышкан Густаво Петро тарыхый Боливар аянтында элге кайрылуу жасады.

Петро бүгүн Израиль мамлекети менен «геноциддик лидер жана өкмөтү болгондуктан» дипломатиялык мамилелердин үзүлө турганын кабарлады.

Петро Израилдин Газада Палестина калкына каршы уланып жаткан кол салууларынын себебинен дипломатиялык карым-катнаштарын үзө турганын билдирди.

Израилдин Газада геноцид кылганын баса белгилеген Петро: «Бүгүн көчөгө чыккан бүткүл адамзат биз менен бирдей пикирде: Геноцид дооруна кайта албайбыз. Адамзаттын көз алдында бүтүндөй элдин жок кылынышын карап тура албайбыз. Палестина өлсө адамзат да өлөт»,-деди.

Петро 26-марттагы билдирүүсүндө, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Газада ок атышпоо талабы боюнча кабыл алган чечимине баш ийбесе, Израиль менен дипломатиялык карым-катнаштарын үзө турганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар