Хамастан сүйлөшүүлөр тууралуу Рафах шарты

Усама аль-Хамдан Aль Манар телеканалына маалымат берди.

2134696
Хамастан сүйлөшүүлөр тууралуу Рафах шарты

Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөсү Усама аль-Хамдан  Израиль Газа тилкесиндеги Рафах аймагына кургактыктан кол сала турган болсо туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн аяктай турганын эскертти.

Хамдан Хизбуллах кыймылына жакындыгы менен таанылган Aль Манар телеканалына маалымат берди.

Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафахка кургактыктан кол сала турган болсо, уланып жаткан туткун алмашуу сүйлөшүүлөрүнүн дароо аяктай турганын белгилеген Хамдан, Газадагы каршылык көрсөтүү фронтунун (ХАМАС) ок астында  сүйлөшүү жүргүзө албасын белгиледи.

Хамдан Израиль менен сүйлөшүүлөргө байланыштуу сунуштарга карата мамилесинин «терс» экендигин айтты.

 



Тектеш кабарлар