Ирандан АКШ жана Британияга санкция

Иран араларында АКШ менен Британиядан жогорку деңгээлдеги ысымдар да болгон 15 киши жана  10 мекемеге санкция салуу чечимин чыгарды.

2134644
Ирандан АКШ жана Британияга санкция

Иран араларында АКШ менен Британиядан жогорку деңгээлдеги ысымдар да болгон 15 киши жана  10 мекемеге санкция салуу чечимин чыгарды.

Ирандын тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта санкция тизмесине алынган киши жана мекемелердин «Израилдин  Газа тилкесиндеги  террордук уюмдарга колдоо көрсөтүү менен адам укуктарынын оор түрдө бузулушуна аралашкандыгы» белгиленди.

Ушунун негизинде араларында Британиянын коргоо министри Грант Шаппс да болгон  8 жогорку мартабалуу британиялык жетекчи менен Британия аба күчтөрүнүн Түштүк Кипр рум  башкаруусундагы Акротири аба базасы, Британия деңиз флотуна таандык  HMS Diamond согуштук кемеси, Elbit Systems, Rafael алдыңкы  коргоо системалары менен Меггитт коронуу фирмаларына санкция салуу чечими чыгарылды.

Израилге курал берди деген негиз менен Lockheed Martin жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде жаратылыш газ чыгаруу тууралуу Израиль менен кызматташуу түзгөнү үчүн АКШ энергетика фирмасы Шеврон башта болгон  АКШнын 5 фирмага да санкция салынды.

АКШ армиясынын атайын кыймыл командири Браян Фентон АКШнын мурдагы Жакынкы Чыгыш атайын өкүлдөрүнөн Жейсон Гринблат, Демократияларды коргоо фондунун төрагасы Клиффорд Мэй жана АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) мурдагы кызматкери Майкл Рубин да болгон жалпы  7 АКШлык да  "Газа тилкесинде Израилдин  террордук кыймылдарын колдоду" деген негиз менен санкция салуу тизмесине алынды.  

Билдирүүдө «Санкциялардын ишке ашырылышы үчүн Ирандагы тийиштүү бардык мекемелер тарабынан керектүү кадамдар ташталат»,- деген сөздөргө орун берилди.

 

 

 



Тектеш кабарлар