ИКУ 4-5-майда Гамбияга чогулат

Саммит “Туруктуу өнүгүү үчүн диалог аркылуу биримдикти жана ынтымакты бекемдөө” деген темада болот.

2134553
ИКУ 4-5-майда Гамбияга чогулат

Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөр 3 жылда бир уюштуруп турган саммит быйыл 4-5-май күндөрү Гамбияда өтөт.

ИКУ түзүлгөндөн бери түрдүү мүчө өлкөлөр тарабынан 14 саммит уюштурулса, 15-саммит 4-5-майда Гамбиянын борбор шаары Банжулда өткөрүлөт.

Саммит “Туруктуу өнүгүү үчүн диалог аркылуу биримдикти жана ынтымакты бекемдөө” деген темада болот.

Саммитте Ислам дүйнөсүнүн алдында турган актуалдуу көйгөйлөр, уставда белгиленген жалпы максаттарга жетүү үчүн мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын жана тилектештигин арттыруу, чакан жана орто ишканаларды жандандыруу сыяктуу темалар талкууланат.



Тектеш кабарлар