"Газадагы кыйроо Украинадагыдан дагы чоң"

БУУнун Миналарды тазалоо кызматы (UNMAS)  Израилдин 7 - октябрдан бери Газага карата кол салууларынын натыйжасында пайда болгон урандыга көңүлдөрдү бурду.

2134327
"Газадагы кыйроо Украинадагыдан дагы чоң"

БУУ кыргын кылуу менен соттолгон Израилдин  7  айдан бери улантып жаткан кол салуусунун натыйжасында Газа тилкесинде пайда болгон уранды жана кыйроолордун эки жылдан бери Россия менен согушуп жаткан Украинадагыдан да чоң экендигин билдирди.

БУУнун Миналарды тазалоо кызматы UNMAS  Израилдин 7 - октябрдан бери Газага карата кол салууларынын натыйжасында пайда болгон урандыга көңүлдөрдү бурду. 

UNMAS апрель айынын ортосунан тарта Газа тилкесинде ар бир чарчы метрге 300 килограммга барабар  жалпы  37 миллион тонна урандынын пайда болгондугун божолдоду. 

UNMASтын Палестина жерлери тууралуу программасынын жетекчиси Мунго Берч :  "Газадагы урандылар Украинага караганда дагы чоң",- деди.

Газада урандылардын арасында 800 миң тоннадан ашуун асбест бар экендигин белгилеген Берч : «Бул урандылар жарылбаган снаряддар менен катуу булганган болушу мүмкүн, бирок урандылардагы башка коркунучтардан улам аны тазалоо дагы татаалдашат»,-деди.

Берч жарылбаган ок  - дары жана ракка себеп болгон химиялык заттарга каршы чара көрө тургандарын белгилеген Берч  Газанын тазаланышы үчүн азыркы учурда  5 миллион доллар бирок  12 ай үчүн 40 миллион долларга, Газанын калкы үчүн коопсуз боло турган толук тазалоо үчүн  100  миллион доллардан ашуун акчага муктаждыктын болорун баса белгиледи. 

Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиргенине караганда Израилдин  7 -  октябрдан бери Газага карата кол салууларынын натыйжасында ушул кезге чейин 35 миңге жакын палестиналык каза болду. Булардын  70 пайызга жакыны аялдар менен балдардан турат.

 



Тектеш кабарлар