Францияда 1 - Май эмгекчилердин эл аралык күнүндө 47 киши камакка алынды

Францияда  1 -  Май эмгекчилердин эл аралык күнүндө полиция менен митингчилердин ортосунда кагылышуу чыкты. 47 киши камакка алынып,  15 полиция да жараланды.

2134388
Францияда  1 -  Май эмгекчилердин эл аралык күнүндө 47 киши камакка алынды
paris 1 mayis.jpg

Францияда  1 -  Май эмгекчилердин эл аралык күнүндө полиция менен митингчилердин ортосунда кагылышуу чыкты. 47 киши камакка алынып,  15 полиция да жараланды. 

Борбор шаар Парижде  1 -  Май эмгекчилердин эл аралык күнүндө  көчөлөр согуш аянтына айланды.

Парижде өлкөнүн алдыңкы жумушчу профсоюзу CGT жетектеген митингдерге миңдеген киши катышты. Митингчилер Республика(Republique) аянтынан Улут ( Nation) аянтына карай  жүрүштү. 

 CGT жумушчу профсоюздары жана түрдүү жаштар уюмдары жетектеген митингчилер эмгек шарттарын жана айлык акыны жакшыртуу сыяктуу талаптар менен үнөмдөө саясатына каршы экендиктерин жарыялашты.

Жүрүш учурунда полиция мен митингчилердин арасында кагылышуу чыкты. 

Кара кийим кийген митингчилер айланадагы  банк филиалдары менен дүкөндөргө кол салышты.

Полиция митигчилерге көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишип, окуяларда 15 полиция жараланып, 25 киши камакка алынды.

Париждеги митингдерге полиция булакатырна караганда  18 миң, CGTнын кабарынак араганда  50 миң киши катышты. 

Жалпы Францияда болгон митингдерге  200 миңден ашуун кишинин катышкандыгын билдирген CGT Ницца, Марсель жана Страсбург сыяктуу чоң шаарларда да маанилүү жыйындардын болгонун билдирди.

Лион губернаторлугу 1 -  Май митингдеринде  22 кишинин камакка алынгандыгын билдирди. Саинт  - Этьендеги жүрүш учурунда Европа Парламентине талапкер Рафаэль Глюксманн жүрүштөн чыгарылды.

Чилинин борбор шаары Сантьягодо 1 - Май эмгек жана тилектештик күнүнө карата жүрүшкө  профсоюздар, саясий партиялар жана түрдүү социалдык уюмдар катышты.

Кээ бир учурларда митингчилер менен полиция кагылышты. 

 



Тектеш кабарлар