Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»

Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2134097
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары жана өзгөчө кырдаалдар боюнча координатору Мартин Гриффитс: «Газага көбүрөөк жардам көрсөтүү Рефахка толук масштабдуу аскердик чабуулду мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт”,-деди.

Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Рефахка кол салуунун сөз менен түшүндүрүү мүмкүн болбогон чоң трагедияга себеп болоорун эскерткен Гриффитс бүткүл дүйнөнүн Израилге Рефахка кол салбашы үчүн эскерткенин, бирок кол салуунун жакын арада боло тургандай сезилип жатканын белгиледи.

Гриффитс, Рефахка кургактыктан кол салуунун гуманитардык жардам уюмдарына чоң сокку ураарын белгилеп: «Биз ачарчылык менен өлүмдүн алдын алуу үчүн жарышуудабыз. Бирок биз утулуп жатабыз»,-деп айтты.

Гриффитс Израилдин жаңы өткөөл пункттарды ачуусун кубаттагандарын жана бардык жардам бөлүштүрүүнүн корголушу керектигин айтып: «Газага көбүрөөк жардам көрсөтүү Рефахка толук масштабдуу аскердик чабуулду мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»,-деди.



Тектеш кабарлар