Ак үйдүн Израилге кайрылуусу

Ак үйдүн улуттук коопсуздук байланыш кеңешчиси Жон Кирби телеконференция аркылуу өткөргөн маалымат жыйынында Газадагы жана аймактагы акыркы абалга баа берди.

2134162
Ак үйдүн Израилге кайрылуусу

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) башкаруусу Газада жетишилген ок атышпоо келишими болсо да Рефахка кургактыктан кол салышарын жарыялаган Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхуга «АКШ катары биз Рефахка кургактан кол салууга каршыбыз» деген билдирүүсүн дагы бир жолу кайталады.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук байланыш кеңешчиси Жон Кирби телеконференция аркылуу өткөргөн маалымат жыйынында Газадагы жана аймактагы акыркы абалга баа берди.

Кирби Израилдин премьер-министри Нетаньяхунун Газада ок атышпоо темасында Хамас менен келишим түзүлбөсүн, Рефахка карай кургактыктан операция баштай тургандарын жарыялаган сөздөрүнө реакция кылды.

Нетаньяхунун сөздөрү тууралуу Кирби: «Рефахта кеңири кургактык операциясын көргүбүз келбейт. Ал жерде баш калкалаган 1,5 миллион адамдын жан коопсуздугу жана бейпилдиги эске алынбаган операцияны көргүбүз келбейт»,-деп өз баасын берди.

Кирби да Израилдин аларга Рефахка байланыштуу аскердик планын азырынча бере электигин баса белгилеп, АКШнын Рефахка кургактыктан кол салууларга каршы экенин айтты.

Кирби Газада ок атышпоо келишимине байланыштуу үстөлгө сунушталган учурдагы сунуштун дагы эле Хамас тарабынан бааланып жатканын жана бул темада Хамастын жообун күткөндөрүн белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Жакынкы Чыгыштагы тиешелүү өлкөлөр жана лидерлер менен ок атышпоо темасында сүйлөшүүлөрүн улантканын эске салган Кирби, ок атышпоонун тез арада камсыздалышын, барымтадагылардын бошотулушун жана Газага көп сандагы  гуманитардык жардамдын киришин үмүт кылгандарын айтты.



Тектеш кабарлар