Нигерия АКШны акчаларды кайтарып берүүгө чакырды
Нигериянын Тышкы иштер министри Юсуф Майтама Туггар, өкмөттүн иш-аракеттерди жүргүзүп жатканын айтты.
Нигерия өкмөтү өлкө жетекчилери тарабынан уурдалган акчалардын кайтарылып берилиши үчүн Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) чакырык салды.
Нигериянын Тышкы иштер министри Юсуф Майтама Туггар, өкмөттүн Нигериянын аткаминерлери тарабынан чет өлкөгө мыйзамсыз ташылып кеткен миллиондогон долларлардын кайтарылышы темасында иш-аракеттерди жүргүзүп жатканын айтты.
Туггар, АКШ тарабынан өлкөгө кайтарылган 308 миллион доллардын жылдар бою контрабандалык жол менен ташылган акчага салыштырмалуу жетишсиз экенин маалымдады.
Нигерия өкмөтүнүн, чет өлкөгө ташылган акчаларды өнүктүрүү өнөктөштөрү менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жарандарынын жалпы пайдасы үчүн колдоно турганын баса белгилеген Туггар, АКШны акчаларды кайтарып берүүгө чакырды.
Туггардын айтымында, каражат инфраструктураны өнүктүрүүгө, жолдор, мектептер, билим берүү жана олуттуу инвестицияны талап кылган башка маанилүү тармактар сыяктуу долбоорлорго багытталат.
Нигериялык аткаминерлердин мамлекетке таандык миллиондогон долларды АКШ сыяктуу ар кайсы өлкөлөргө ташып кеткени айтылууда.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.