Россия менен Украинанын ортосундагы абалдар

Россия Украинанын борбор шаары Киев менен бирге Николаев, Одесса, Черкасск аймактарына учкучсуз учуучу аппараттар жана баллистикалык ракеталар менен кол салды.

2130987
Россия менен Украинанын ортосундагы абалдар

Россия Украинанын борбор шаары Киев менен бирге Николаев, Одесса, Черкасск аймактарына учкучсуз учуучу аппараттар жана баллистикалык ракеталар менен кол салды.

Украина аба күчтөрүнүн командирлигинен берилген маалыматта Россиянын бүгүн түнү  2 "Искандер  - М" баллистикалык ракета жана 16  "Шахед" үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараты менен Украина жерлерине кол салгандыгы белгиленди. 

Аба күчтөрү тарабынан 15 учкучсуз учуучу аппаратынын Киев, Николаев, Одесса жана Черкасск аймагында атып түшүрлгөндүгү маалымдалды. 

Киев шаардык аскердик башкармалыгынын башчысы Сергей Попко да Россиянын Курск аймагынан Киевге учкучсуз учуучу аппараттарынын ​​жөнөтүлгөндүгүн  айтып : "Учкучсуз учуучу аппараттар Сумы жана Черкасск облустарынан өтүп Киевге түштүк - батыштан кирди. Душмандын бардык буталары абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жок кылынды",- деп билдирди.  

Попко борбор шаарга карата кол салуулардын натыйжасында жаралуулардын жана зыян келтирүүнүн болбогондугун айтты. 

Одесса аймагынын аскердик башкармалыгынын башчысы Олег Кипер да орус армиясынын Одессега жасаган кол салуусунда үйлөрдүн зыян тарткандыгын, экөөсү бала болгон  7 кишинин жаракат алганын белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар