Израиль 30 палестиналыкты камакка алды
Израиль аскерлери оккупацияланган Кудус жана Батыш Шериада акыркы эки күндө 3 киши аял болгон 30 палестиналыкты камакка алды.
Израиль аскерлери оккупацияланган Кудус жана Батыш Шериада акыркы эки күндө 3 киши аял болгон 30 палестиналыкты камакка алды.
Палестиналык туткундар коому менен Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна караштуу туткундар жана боштондукка чыккан делегациянын биргелешкен билдирүүсүндө Израилдин Батыш Шериада жана Чыгыш Кудуста рейддерин улантканы белгиленди.
Израиль аскерлеринин Хеброн, Чыгыш Кудус, Женин, Бетлехем жана Калкилья шаарларында палестиналыктардын үйлөрүнө жасаган рейддеринде акыркы эки күндө 3ү аял 30 кишини камакка алгандыгы маалымдалды.
Израиль тарабынан 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста камакка алынган палестиналыктардын саны 8 миң 340ка жеткени белгиленди.
Тектеш кабарлар
Афганистанда кеме оодарылды
Афганистандын Нангерхар аймагындагы дарыяда бир кеме оодарылып 20 киши каза болду.
Палестинага карата колдоо митингдери уланууда
АКШнын Нью -Йорк шаарындагы Brooklyn музейине ондогон Палестина жактоочусу кирди.