Израиль балдар паркын бомбалады: 10 адам каза болду

Көргөн күбөлөр, Израилдин согуштук учактарынын Мегази качкындар лагериндеги оюн аянтчасын бутага алганын баса белгилешти.

2128575
Израиль балдар паркын бомбалады: 10 адам каза болду

Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Мегази качкындар лагериндеги балдар аянтчасына Израилдин согуштук учактарынын кол салуусунан араларында балдар жана аялдар да болгон 10 киши каза тапты.

Көргөн күбөлөр, Израилдин согуштук учактарынын Мегази качкындар лагериндеги оюн аянтчасын бутага алганын баса белгилешти.

Кол салууга дуушар болгон жарандардын көбүнүн балдар экенин билдирген күбөлөр, балдардын аянтчадагы оюнчуктар менен ойноп жатып Израилдин согуштук учактарынын бутасы болгонун айтышты.

Каза болгон 10 кишинин сөөгү Дейр ал-Белахтагы Акса шейиттери ооруканасына жеткирилди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында 14 миң 500ү бала, 9 миң 560ы аял жалпы 33 миң 843 палестиналык каза болуп, 76 миң 575и жараланды.



Тектеш кабарлар