Песков: «Стамбулда даярдалган келишим сүйлөшүүлөрдү баштоого негиз боло алат»

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге берген билдирүүсүндө актуалдуу темаларга сереп салды.

2127122
Песков: «Стамбулда даярдалган келишим сүйлөшүүлөрдү баштоого негиз боло алат»

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, 2022-жылдын март айында Стамбулда даярдалган келишимдин Орусия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоого негиз боло аларын айтты.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге берген билдирүүсүндө актуалдуу темаларга сереп салды.

Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө байланыштуу Песков, мунун диалог аркылуу гана мүмкүн экенин жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөргө даяр экенин көп жолу билдиргенин айтты.

Орус жана украин делегацияларынын ортосунда 2022-жылдын март айында Стамбулда өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө келишим даярдалганын эске салган Песков: «Андан берки эки жылда көп нерсе өзгөрдү, Конституциябызга эки жаңы аймак (Запорожье жана Херсон) киргизилди. Бул эки жыл мурун жок эле. Ошондуктан, кээ бир жаңы алмаштырылгыс чындыктар бар. Ошол эле учурда бул (Стамбулдагы келишим) сүйлөшүүлөрдү баштоого негиз боло алат»,-деп билдирди.

Песков бир тараптан Украинанын сүйлөшүүлөргө даяр эмес экенин айтты.

Швейцариянын кожоюндугунда 15-16-июнда боло турган Украина боюнча тынчтык конференциясына баа берген Песков: «Чечим табуу үчүн Орусиясыз форум уюштуруу аракетин абдан рационалдуу жана жыйынтыкка багытталган деп айтууга болбойт»,-деди.



Тектеш кабарлар