Боррель: "Орусия менен Түндүк Кореянын ортосунда аскердик кызматташтык бар"

Боррель НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын экинчи күндүк сессияларына катышуу үчүн НАТОнун штаб-квартирасына барды.

2124875
Боррель: "Орусия менен Түндүк Кореянын ортосунда аскердик кызматташтык бар"

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, Орусиянын Украинада уланып жаткан согушта курал алуу максатында Түндүк Корея менен кызматташып жатканын айтты.

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын экинчи күндүк сессияларына катышуу үчүн НАТОнун штаб-квартирасына барган Боррель, бүгүнкү жыйындардын алкагында Индо-Тынч океандагы өнөктөштөр менен жолугушуулардын өткөрүлөрүн жана Орусиянын бул аймактагы иш-аракеттеринин да карала турганын билдирди.  

Орусия менен Түндүк Кореянын ортосунда аскердик кызматташтыктын бар экенин жактаган Боррель: «Орусиянын БУУда Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарын көзөмөлдөөгө вето коюшу Орусия менен Түндүк Кореянын канчалык жакын экенин жана Украинага кол салуу үчүн курал-жарак менен камсыз кылуу максатында биргелешип иш алып барышканын көрсөтүүдө»,- деди.

Жозеп Боррель Евробиримдиктин Украинага берген аскердик колдоосунун жетишсиз экенин жана колдоонун кыска убакытта көбөйтүлүшү керектигин баса белгиледи.

Орусиянын жарандарды жана жарандык инфраструктураны бутага алганын түшүндүргөн Боррель: «Бул бир гана нерсени көрсөтүп турат, жарандарды коргоо жана украиналыктардын кол салууга туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн колдоо көрсөтүүнү жана дагы көп иштерди жасоону улантышыбыз керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар