Португалияда азчылык өкмөтү ишин баштады

Социал демократ партиянын (PSD) лидери да болгон Монтенегро   тарабынан жарыяланган 7си аял болгон 17 министр президент Марсело Ребело де Соусанын алдында ант берип, кызматка киришти.

2124136
Португалияда азчылык өкмөтү ишин баштады

Португалияда 10 -  мартта болгон эрте шайлоодон биринчи болуп чыккан оңчул Демократиялык союздашынын лидери Луис Монтенегро курган азчылык өкмөтү ант берип ишин баштады. 

Социал демократ партиянын (PSD) лидери да болгон Монтенегро   тарабынан жарыяланган 7си аял болгон 17 министр президент Марсело Ребело де Соусанын алдында ант берип, кызматка киришти.

Португалияда 1974 -  жылы  25  - апрелде диктаторлук мезгилин акырына чыгарган гвоздика революциясынын 50 жылдыгына карата түзүлгөн 24 - өкмөттөгү 17 министрден 13ү ПСДдан, 1 адам АДнын кенже өнөктөшү Христиан-Демократтардан жана Христиан-демократтар партиясынан 3 адам технократтардын арасынан шайланды.

Парламенттеги  230 орундуктан 80нине ээ чыккан АД курган азчылык өкмөтү менен акыркы  8 жылдан бери Антонио Костанын премье  - министрлигинде бийликте болгон Социалист партиянын мезгили да акырына чыкты. 

Азчылык өкмөтүн түзгөн АДдын 2024 - жылдын бюджетинин мурунку өкмөт тарабынан кабыл алынышы менен кеминде   алгачкы 6 айды ыңгайлуу өткөрөрү бирок андан кийин олуттуу көйгөйлөргө туш боло турганы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар