Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Израилге каршылык көрсөттү

Гебрейесус Х социалдык медиа платформасынан Израиль күчтөрүнүн  18 -  мартта башталган жана  14 күнгө созулган кол салуулары менен толугу менен жараксыз болгон Шифа ооруканасындагы акыркы абал тууралуу маалымат берди.

2123505
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Израилге каршылык көрсөттү

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Израиль армиясынын Газа шаарында басып алган жана андан кийин толугу менен талкалап чыккан Шифа ооруканасындагы абалга каршылык көрсөттү.

Гебрейесус Х социалдык медиа платформасынан Израиль күчтөрүнүн  18 -  мартта башталган жана  14 күнгө созулган кол салуулары менен толугу менен жараксыз болгон Шифа ооруканасындагы акыркы абал тууралуу маалымат берди. 

Гебрейесус Израилдин курчоосунан кийин урандыга айланган оорукананын сүрөтүн бөлүшүп : "Кайра кайталайм. Ооруканаларга сый көрөстүлүп коргоого алынышы  керек. Ооруканалар  согуш аянты катары колдонулбашы керек",- деди. 

Израиль армиясы 7 миңден ашуун бейтап жана жер которгон палестиналык баш калкалаган Газанын батышындагы Шифа ооруканасына 18 - март күнү  таңкы сааттарында чабуул жасап, жер которгон палестиналыктар баш калкалаган комплексти курчоого алды.

Газадагы өкмөт Израиль аскерлеринин Шифа ооруканасы жана анын айланасында 400дөн ашуун палестиналыкты өлтүргөнүн, 900дөн ашуунун камакка алганын жана 1050 үйдү талкалагандыгын жарыялаган.

Израиль армиясы 2 жумага созулган рейдде 200 палестиналыкты өлтүргөнүн, 500дөн ашуун кишини камоого алганын билдирди.

Окуяга күбө болгондор кечээ Израиль аскерлеринин Шифа ооруканасы кампусу жана айланасынан толугу менен чыгып кеткендигин айтышты.

 

 



Тектеш кабарлар