Германияда чыккан өрт апааты

Өрттөн 4 киши каза болуп, 9 киши жаракат алды.

2120216
Германияда чыккан өрт апааты

Германиянын Солинген шаарында 4 кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 2 бала болгон 4 киши каза болуп, 9 киши жаракат алды.

Полициянын билдирүүсүндө, Хохшайд районундагы эски имаратта белгисиз себеп менен өрт чыккандыгы маалымдалды.

Өрт өчүрүү кызматы берген маалыматта 4 кабаттуу имараттын  2 -  кабатында башталган өрткө  эң үстүнкү кабаттагы үйүндө  уктап жаткан жеринен кармалган бир үй-бүлөдөн 4 адам каза болуп, 2си оор 9 адам жаракат алганы айтылды.

Билдирүүдө өрттөн кийин имараттагы 21 кишинин эвакуацияланганы, түтүндөн жабыркаган көптөгөн кишиге медициналык жардамдын көрсөтүлгөндүгү билдирилди. 

Полиция имаратта жашагандардын күбөлүктөрүнө байланыштуу маалымат бербестен, тегеректе жашагандар каза болгон кишилердин Болгария жарандары экендигин белгилешти. 

Өрттүн чыгуу себеби тууралуу изилдөөнүн улантылып жаткандыгы маалымдалды. 

 



Тектеш кабарлар