Палестина башкаруусу : Жоопкерчилик АКШда

Палестина башкаруусу Израилдин Газа жана Батыш Шериада Палестина калкына кол салууларын токтотуу жоопкерчилигинин Америка башкаруучулугунда экендигин  билдирди.

2118831
Палестина башкаруусу : Жоопкерчилик АКШда

Палестина башкаруусу Израилдин Газа жана Батыш Шериада Палестина калкына кол салууларын токтотуу жоопкерчилигинин Америка башкаруучулугунда экендигин  билдирди.

Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын маалыматына караганда, маалымат министри жана президенттин басма сөз катчысы Набил Абу Рудейне Израилдин Палестина элине каршы кол салууларын улантып жатканын жана  жоопкерчиликке тарта албаган эл аралык коомчулукка шек келтирип жатканын айтты.

Абу Рудейне Израиль күчтөрүнүн Палестина элине каршы чабуулун улантуусунун бүт аймакта жарылууга себеп болоорун эскертти.

Израилдин Газа тилкесинде геноциддик согушту,  оккупациядагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста өлтүрүүнү жана камоолорду  улантып жаткандыгына, мусулман жана христиандардын ыйык  жерлерин жок кылып жаткандыгына көңүлдөрдү бурган Абу Рудейне Израилди токтотуу үчүн эң башта АКШ болгон чукул эл аралык кийлигишүүнү талап кылды.

АКШдан айткандарын аянтта  ишке ашыруусу керектигин айткан   Абу Рудейне : «Элибизге каршы кол салууну токтотуу жоопкерчилиги АКШда»,-деди.

Зомбулукту токтотуу жана тынчтык, коопсуздук, ырааттуулукту түзүүнүн Палестина элинин мыйзамдуу укуктарына ээ болушу жана көз карандысыз Палестина мамлекетин куруусу менен гана мүмкүн экенин белгилеген Абу Рудейне : «Эч ким качып кутула албаган зордук-зомбулуктун жана өлүмдүн айлампасын улантууга жол бербөө үчүн арабдар АКШ менен биргеликте чара көрүшү керек, ал эми АКШ администрациясы согушту токтотуу жана аргасыз миграциянын алдын алуу боюнча олуттуу чечим кабыл алышы керек",- деп баа берди.  



Тектеш кабарлар