Дүйнө жүзүндө Израилдин Газадагы кыргындарына каршы чыгуулар уланууда...

Газада ок атышууну токтотууну жана АКШнын Израилге аскердик жардамын токтотууну талап кылган жүздөгөн согушка каршы демонстранттар Сан-Франциско эл аралык аэропортунда демонстрация өткөрүштү.

2115390
Дүйнө жүзүндө Израилдин Газадагы кыргындарына каршы чыгуулар уланууда...
paris'te israil'e tepki.jpg
abd israil'e tepki.jpg
abd israil'e tepki ateskes cagrisi.jpg

Израилдин Газадагы кыргындарына каршы чыгуулар уланууда...

Газада ок атышууну токтотууну жана АКШнын Израилге аскердик жардамын токтотууну талап кылган жүздөгөн согушка каршы демонстранттар Сан-Франциско эл аралык аэропортунда демонстрация өткөрүштү.

Болжол менен 300 кишиден турган топ эл аралык терминалдын кире беришин убактылуу мөөнөткө жаап, «Туруктуу ок атышпоону азыр түзгүлө», «Газа үчүн дүйнөнү токтоткула» жана «Израилди куралдандырууну токтоткула» деген өңдүү транспаранттар менен тынчтыкка чакырышты.

Аэропорттун демонстрациядан улам жабылбаганы, бирок жүргүнчүлөр башка кирүү дарбазаларына багытталгандыгы белгилүү болду.

АКШнын борбор шаары Вашингтондо Американын Израиль саясий аракет комитетинин (AIPAC) башкы кеңсесинин алдында Палестинага колдоо көрсөтүү демонстрациясы өттү.

Демонстранттар, Палестинанын желектерин колдоруна көтөрүүшүп «Палестинага эркиндик» жана «АКШнын Израилге колдоосун токтоткула» деген жазууларды көтөрүп жүрүштү.

Франциянын борбору Парижде да студенттер демонстрацияга чыгып, Палестина эли менен тилектештикке чакырышты.

Парижде Палестинаны колдогон студенттер Сорбонна аянтында чогулду.

Демонстранттар «Жашасын Палестина», «Газанын балдары, Палестинанын балдары, адамзат өлтүрүлүүдө» деген ураандар менен жерге шамдарды тизип, «Эркин Палестина» деп жазды.

Палестиналыктарга тилектештик чакырыгы менен уюштурулган демонстрацияда Израилдин бомбалоосуна дуушар болгон газалык акын, жазуучу жана өнөрпоздордун аймактагы тажрыйбалары тууралуу макалалары окулду.

Израилдин 7-октябрдан бери Газага жасаган кол салууларында 31 миңден ашуун палестиналык өмүрүнөн ажырады.



Тектеш кабарлар