АКШ Кызыл деңизге хуситтер баллистикалык ракета учурганын жарыялады
АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) X социалдык медиа платформасында маселе боюнча билдирүү жасады.
Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Йемендеги Иран колдогон хуситтердин Кызыл деңиздеги америкалык кемеге карай кыска аралыкка атуучу баллистикалык ракета учурганын жарыялады.
АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) X социалдык медиа платформасында маселе боюнча билдирүү жасады.
Билдирүүдө хуситтердин кечээ Кызыл деңиздеги «USS Laboon» эсминецине кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракета учурганы, АКШнын Хуситтер көзөмөлдөгөн аймактардан атылган ракетаны коалициялык кеме менен жок кылганы белгиленди.
Йемендеги Ирандын колдогон хуситтер Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларына жооп иретинде 31-октябрдан бери Йемендин жээктеринде израилдик компаниялар менен байланышы бар коммерциялык кемелерди басып алууда жана айрымдарына учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталар менен кол салууда.
Хуситтердин аракеттеринен кийин көптөгөн жүк ташуучу компаниялар Кызыл деңиздеги саякаттарын токтотуу чечимин чыгарышты.
Америка Кошмо Штаттары 18-декабрда глобалдык деңиз соодасы коопсуздугу коркунучта деген жүйө менен бир топ өлкөнүн катышуусу менен хусит күчтөрүнө каршы «Өнүгүүнүн сакчысы» аттуу көп улуттуу «деңиз жумушчу тобунун» түзүлгөнүн жарыялады.
АКШ күчтөрү бул мезгилде Йеменден көп жолу атылган ракеталарды жана камикадзе учкучсуз учуучу аппараттарды атып түшүрүшкөнүн жарыялашты.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.