Түштүк Кореянын эки чип өндүрүүчүсү түндүк кореялык хакерлердин чабуулуна кабылды

Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо агенттигинин (NIS) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, сөз болгон хакерлердин декабрь жана өткөн айда чип жабдыктарын чыгарган эки компаниянын серверлерине кирип, алардын чыгарылыштарынын дизайндарын уурдаган.

2111462
Түштүк Кореянын эки чип өндүрүүчүсү түндүк кореялык хакерлердин чабуулуна кабылды

Түштүк Корея анын эки чип өндүрүүчүсү түндүк кореялык хакерлер тарабынан хакерлик чабуулга кабылганын жарыялады.

Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо агенттигинин (NIS) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, сөз болгон хакерлердин декабрь жана өткөн айда чип жабдыктарын чыгарган эки компаниянын серверлерине кирип, алардын чыгарылыштарынын дизайндарын жана объектилеринин фотосүрөттөрүн уурдап кетишкени айтылган.

Билдирүүдө түндүк кореялык хакерлердин өлкөнүн курал-жарак, ракета жана спутник программалары үчүн Түштүк Кореянын чип өндүрүүчүлөрүн хакердик жол менен тоношу мүмкүн экенине көңүл бурулуп, «Түндүк Корея санкциялардан улам ала албай кыйналган чиптерди чыгарууга даярданып жаткан болушу мүмкүн»,деген баалоо жүргүзүлдү.

Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо агенттигинин (NIS)  билдирүүсүндө, чип жана чип бөлүктөрүн чыгарган фирмаларга кибер чабуулдарга каршы керектүү чараларды көрүүсү эскертилди.

Белгилүү болгондой, Түндүк Кореялык хакерлер көптөгөн өлкөнүн, өзгөчө Түштүк Кореянын виртуалдык активдерине, расмий документтерине жана коргонуу өнөр жай иш-чараларына кол салууларды жасашат.

Бир тараптан сөз болгон хакерлердин 2016-жылдан бери болжол менен 3 миллиард долларлык виртуалдык мүлктү уурдаганы белгиленди.

Эл аралык байкоочулар бул уурдалган акча Түндүк Кореянын санкцияларга дуушар болгон өзөктүк жана ракеталык программаларына которулганын белгилешүүдө.



Тектеш кабарлар