Бангладештеги өрт: 43 адам каза болду

Куткаруу топтору, имараттан 42си эс-учун жоготкон 75 кишинин куткарылганын маалымдашты.

2109368
Бангладештеги өрт: 43 адам каза болду

Бангладештин борбор шаары Даккадагы бир имаратта чыккан өрттөн 43 киши каза болду.

Саламаттыкты сактоо министри Саманта Лал Сен, Даккада 6 кабаттуу имаратта чыккан өрттөн 43 кишинин каза тапканын, көп сандаган кишинин болсо жаракат алганын кабарлады.

Министр Саманта, өрт өчүрүүчүлөрдүн куткаруу иштерин улантып, жаракат алгандардын дарыланып жатканын билдирди.

Өрт өчүрүүчүлөр болсо өрттүн имараттын 1-кабатындагы ресторандан чыкканын жана өрттүн кесепетинен көптөгөн адамдардын чыга албай калганын белгилешти.

Куткаруу топтору, имараттан 42си эс-учун жоготкон 75 кишинин куткарылганын маалымдашты.



Тектеш кабарлар