Эл аралык космос станциясында абанын чыгышы аныкталды
Орусиянын Федералдык Космос агенттиги (Роскосмос) билдирүү жасады.
Эл аралык космос станциясында (ЭКС) абанын чыгышы аныкталды.
Орусиянын Федералдык Космос агенттигинин (Роскосмос) билдирүүсүндө, ЭКСтеги адистердин станцияда абанын чыгышын аныкташканы белгиленди.
Адистердин ыктымалдуу абанын чыгышын аныктоо жана оңдоо боюнча үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүп жатканы айтылган билдирүүдө: «Станциядан алынган маалыматтар талдоо үчүн эксперттерге тынымсыз билдирилип турат. Экипажга жана станцияга коркунуч жок»,-деп маалымдалды.
Орус космонавттарынын 2022-жылдын декабрь айында Эл аралык космос станциясында аткарышы пландалган космостук сейилдөөсү "Союз МС-22" кемесиндеги абанын чыгышынын себебинен токтотулган болчу.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.