Блинкен Барзани менен жолугушту
Жолугушуудан мурда камералардын алдына чыккан экөө АКШ менен Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун ортосундагы карым-катнаштардын маанилүүлүгүн баса белгилеген билдирүүлөрдү жасашты.
2107691
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өлкөсүнүн борбор шаары Вашингтондо Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун премьер-министри Масрур Барзани менен жолугушту. Эки ысым аймактагы кызматташтыктын кабарын беришти.
Жолугушуудан мурда камералардын алдына чыккан экөө АКШ менен Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун ортосундагы карым-катнаштардын маанилүүлүгүн баса белгилеген билдирүүлөрдү жасашты.
АКШнын Ирактын Күрт аймактык башкаруусу менен карым-катнаштарына ар дайым чоң маани бергенин айткан Блинкен, Иракта да, аймакта да учурдагы кызматташтыкты арттыруу жана улантуунун маанилүү экенин билдирди.
Барзани да Вашингтонго сапарынан канааттанганын белгилеп, АКШ менен карым- катнаштарды абдан баалашкандарын маалымдады.