АК үй АКШлык журналистти Путин менен маектешүүсүн сынга алды

Улуттук коопсуздук кеңешинин координатору Жон Кирби орус президентине "Украина согушун актоо үчүн дагы бир мегафон сунуунун кереги жок",- деди.

2099725
АК үй АКШлык журналистти Путин менен маектешүүсүн сынга алды

Улуттук коопсуздук кеңешинин координатору Жон Кирби орус президентине "Украина согушун актоо үчүн дагы бир мегафон сунуунун кереги жок",- деди.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жон Кирби Fox News телеканалынын мурдагы алып баруучусу Такер Карлсондун Владимир Путин менен болгон маегин сынга алды. Кирбинин оюу боюнча  америкалык журналисттер платформаларын Украина согушун актоого аракет кылган Путинге ачпашы керек.

Карлсон Дональд Трамптын  2024 -  жылдагы шайлоодо негизги өнөктөшү катары белгилүү жана АКШнын Украинага аскердик жардам беришине каршы чыгууда. Журналист бул жумада Россиянын президенти менен маектешүү үчүн Москвага барды. Бул Россиянын  2022 -  жылдын февралында Украинага карата кол салуусунан кийин батыш басма сөзүнүн Путин менен өткөрө турган биринчи маектешүү болот.

Кирби : «Баары Путиндин Украинада эмне кылгандыгын көрүп турса керек, жасалгандарды актоо үчүн сунуштаган себептердин жалган жана абсурд экендигин да. Бул аесуздукту түшүнүү үчүн Владимир Путин менен дагы бир маектешүүгө муктаж эмеспиз»,- деди.

Карлсон Путиндин маегин 8 - февралда жарыялоону пландаштырууда.

Ошол эле учурда FOX Newsтын мурдагы алып баруучусу Ак үйдө Путиндин маегине бөгөт коюу менен айыптады. Карлсондун айткандарына карала турган болсо Байден башкаруусунан кээ бирлер журналистти бул маектешүүдөн баш тарттырууга аракет кылган.



Тектеш кабарлар