Такер Карлсон Путинден интервью аларын билдирди

Такер Карлсон Украинанын лидери Владимир Зеленский менен да маек курууга убада берди.

2099040
Такер Карлсон Путинден интервью аларын билдирди

Америкалык теле алып баруучу Такер Карлсон Москвага Россиянын президенти Владимир Путинден интервью алуу үчүн келгендигин билдирип, Украинанын лидери Владимир Зеленский менен да маек курууга убада берди.

Х социалдык платформасындагы билдирүүсүндө : «Москвадабыз. Россиянын президенти Владимир Путин менен маектешүү үчүн бул жердебиз. Жакында интервью алабыз»,- деген Карлсон  америкалыктардын көбүнүн Россия менен Украинада эмне болуп жатканын так билбегендигин кошумчалады.  Алып баруучу маектешүү видеосунун жеке баракчасына гана эмес, X социалдык тармагына да жарыялоого убада берди.  

Карлсон : «(Хтын ээси) Илон Маск интервьюга бөгөт коюлбай тургандыгына удаба берди. Ага ыраазычылык билдиребиз. Батыштык өкмөттөр болсо тескерисинче видеонун маанисиз платформаларда цензуралоо үчүн колунан келгендин баарын жасайт»,- деди.

Америкалык журналист Владимир Зеленский менен да жолугушууну пландап жатканын айтты. Карлсон: «Биз Зеленскийге интервью алууну каалагандыгыбызды билдирдик,  кабыл алат деп үмүттөнүүдөбүз. АКШда мурда бергендерин «салттуу интервью» деп атоого болбойт, алар эң көп Зеленскийдин АКШдан Чыгыш Европадагы согушка катышуусун арттыруу тууралуу  талабын бекемдөөгө жана кубаттоого багытталган моралдык сессиялар болду», - деди.

 



Тектеш кабарлар