Палестинага дүйнөнүн төрт бурчунан колдоо келүүдө

Миңдеген адамдар Израилдин кыргынына нааразылык билдирип кайрадан көчөгө чыгышты.

2097190
Палестинага дүйнөнүн төрт бурчунан колдоо келүүдө
isvicre gazze destek.jpg
fransa gazze destek.jpg
ingiltere gazze destek.jpg

Палестинага дүйнөнүн төрт бурчунан колдоо келүүдө.

Миңдеген адамдар Израилдин кыргынына нааразылык билдирип кайрадан көчөгө чыгышты.

Англияда жүз миңдеген киши Израилдин кол салуусу астында калган Газада «геноцидди токтотуу» чакырыгы менен 8-жолу «улуттук жүрүш» өткөрүшүп, Газада ок атышууну тез арада токтотууну талап кылышты.

Британиянын борбор шаары Лондондо Би-Би-Си телеканалынын алдына чогулган демонстранттар премьер-министрлик жана кээ бир министрликтер жайгашкан Уайтхолл көчөсүнө чейин жүрүш жасашып, британ өкмөтүн «Израилдин Газадагы геноцидине шериктеш» деп айыптап, өкмөттү бул өнөктөштүктү токтотууга чакырды.

Франциянын борбор шаары Парижде чогулган палестинаны колдоочулар да Газада ок атышууну тез арада токтотууну талап кылышты.

Демонстрацияда Израилге каршы санкцияларды жана өкмөттүн талаштуу иммиграция мыйзамын жокко чыгаруу талап кылынды.

Нидерландиянын Гаага шаарындагы темир жол вокзалында Палестинага колдоо көрсөтүү үчүн митинг өткөрүлдү.

Демонстранттар Нидерландия өкмөтүн Израилди колдогону үчүн реакция кылышты.

Митингчилер колдоруна желектерди кармашып, «Эркин Палестина» ураандарын чакырып жатышты.

Швециянын борбор шаары Стокгольмдо палестинаны колдоочулар Израилдин кол салууларында каза болгон балдар үчүн чогулушту. Сегельс Торг аянтына каза болгон балдардын атынан моделдер калтырылып, «Палестинага боштондук», «Баскынчылыкты жоюу» сыяктуу ураандар айтылды.

Швейцариянын Женева шаарында чогулган миңдеген киши Газа үчүн «дароо ок атышпоо» талабы менен жүрүш жасаса, Австриянын борбор шаары Венада каза болгон палестиналыктар үчүн «үнсүз жүрүш» өткөрүлдү.

Иорданиянын борбор шаары Амманда жүздөгөн киши чогулуп, БУУнун палестиналык качкындарга жардам агенттигине колдоо көрсөтүүнү токтоткон өлкөлөргө каршылык көрсөтүштү.

Йемендин борбор шаары Санада миңдеген адамдар чогулуп, Израилдин кыргынына жана АКШ менен Улуу Британиянын хуситтерге каршы абадан кол салууларына каршы демонстрация өткөрүштү.



Тектеш кабарлар