Астана сүйлөшүүлөрү экинчи күнүндө да улантылууда

Сүйлөшүүлөргө Түркия, Россия, Иран, Дамаск башкаруусу жана Сирия оппозициячылдарынан делегациялар катышууда.

2093370
Астана сүйлөшүүлөрү  экинчи күнүндө да улантылууда

Казакстанда өткөрүлгөн  21 -  Сирия тууралуу Астана сүйлөшүүлөрү экинчи күнүндө да улантылууда.

Сүйлөшүүлөргө Түркия, Россия, Иран, Дамаск башкаруусу жана Сирия оппозициячылдарынан делегациялар катышууда.

Иордания, Ирак жана Ливан делегациялары да байкоочу статусунда орун алууда.

Түркия делегациясына тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылдыз жетекчилик кылууда.

Басма сөзгө жабык өткөн сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде Сириядагы абал жана өлкөдө кенен масштабдуу чечүүчү жолго карата аракеттер орун алууда.

Сүйлөшүүлөрдө өзгөчө Сирияда террор менен күрөшүү, барымталардын бошотлушу, дайынсыз жоголгон кишилерди издөө сыяктуу ишеним арттыруучу чаралар да каралууда.

Бүгүнкү биргелешкен отурумдан кийин делегациялар пресс  - жыйын өткөрүп, биргелешкен билдирүү жарыялашат.



Тектеш кабарлар