Ирандагы террордук кол салууда каза болгондордун саны 95ке жетти

2020 -  жылы январь айында Сүлейманинин АКШнын Багдаттагы кол салууларында өлтүрүлүшүнүн  4  жылдыгынан улам 3 -  январда эскерүү аземи өткөрүлгөн Керманда мүрзөгө жакын жерде эки жарылуу болгон.

2092878
Ирандагы террордук кол салууда каза болгондордун саны  95ке жетти

Ирандын Керман провинциясында 3 -  январда Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын Кудс күчү командири Касым Сүлейманинин мүрзөсүнө жакын жерде жасалган эки жанкечтилик кол салууда каза болгондордун саны 95ке жетти.

Иран ммалекеттик телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда Керман өзгөчө кырдаалдар борборунун катчысы Мухаммед Сабери кол салууда жаракат алган жана ооруканада дарыланып жаткан Назенин Ачекзехи аттуу  11 жаштагы кыз баланын бүгүн каза болгондугун билдирип, каза болгондордун саны  95ке жеткендигин айтты.

2020 -  жылы январь айында Сүлейманинин АКШнын Багдаттагы кол салууларында өлтүрүлүшүнүн  4  жылдыгынан улам 3 -  январда эскерүү аземи өткөрүлгөн Керманда мүрзөгө жакын жерде эки жарылуу болгон.

Ирандык жетекчилер жарылуулардын жандуу бомба чабуулунун натыйжасында  болгондугу аныкталгандыгын жарыялаган.

Кол салууларда аялдар менен балдарда болгон  94 кишинин каза болгондугу,  284 кишинин жаракат алгандыгы билдирилди.

Кол салуулардын жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ моюнга алган.

Окуялардан кийин баштатылган операцияларда  6 провинцияда  35 кишинин камакка алынгандыгы жана жандуу бомбалардын биринин Тажикстан тектүү экендиги аныкталгандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар