Германиянын Кельн шаарында расизмге каршы митингге 30 миңдей киши катышты

Ноймаркт аянтына чогулган митингчилер колдорундагы транспаранттар менен Дейцер көпүрөсү аркылуу Рейн дарыясынын аркы өйүзүнө өтүштү.

2089848
Германиянын Кельн шаарында расизмге каршы митингге 30 миңдей киши катышты

Германиянын Кельн шаарында расизмге каршы митингге 30 миңдей киши катышты.

Ноймаркт аянтына чогулган митингчилер колдорундагы транспаранттар менен Дейцер көпүрөсү аркылуу Рейн дарыясынын аркы өйүзүнө өтүштү.

Митингде Германияда чет элдик жана мусулмандарга каршы экендиги менен белгилүү Германия үчүн альтернатив партиясынын  саясатчылары жана австралиялык ашыкча оңчул Мартин Селлрендин миллиондогон чет элдиктерди Германиядан депортациялоо планы боюнча Потсдамда жашыруун жолуккандыгы сынга алынды.

Чакырылган ураандар менен Германия үчүн альтернатив партиясынын жабылышы да кааланды. 

Германияда көптөгөн саясатчылар жана шайлоочулар чет элдик жана мусулмандарга каршы экени белгилүү болгон Германия үчүн альтернатив партиясына тыюу салууну жакташууда. 

Forza изилдөө компаниясынын 12-18-декабрда 2 миң 501 киши менен жүргүзгөн сурамжылоосуна караганда, Христиан Биримдик Партиялары (CDU/CSU) 31 пайыз, Германия үчүн альтернатив партиясы 23 пайыз, Социал-демократиялык партия (SPD) 14 пайыз, Жашылдар 13 пайыз, Эркин демократия партиясы (ФДП) 5 пайыз, Солчул партия 3 пайыз колдоодо.



Тектеш кабарлар