Мароккодо болгон жер титирөө

Марокко Улуттук геофизика институтунун билдирүүсүнө караганда эртең менен болгон жер титирөөдө жан жана мал жоготуу болгон жок.

2083341
Мароккодо болгон жер титирөө

Марокконун Азилал аймагында күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө болду.

Марокко Улуттук геофизика институтунун билдирүүсүнө караганда эртең менен болгон жер титирөөдө жан жана мал жоготуу болгон жок.

Институттун башчысы  Насыр Кабур расмий телеканалга берген маалыматында бүгүн болгон 5,1 баллдык жер титирөөнүн 8 - сентябрда Эль - Хуз аймагында болгон 7 баллдык жер титирөөнүн уландысы экендигин айтты.

Марокконун Аль - Хуз аймагында 8 - сентябрга караган түнү болгон жер титирөөдө 3 миңге жакын адам каза болуп, 6 миңден ашуун киши жаракат алды.

Сөз болуп жаткан жер титирөөдө Азилал аймагында көп сандаган киши каза  болду.



Тектеш кабарлар