Россия Украинага кол салды

Орус армиясынын кечээ Украинага  жасаган ракеталык кол салууларында 30 кишинин каза болгону, 160 кишинин жараланганы билдирилди.

2082399
Россия Украинага кол салды

Орус армиясынын кечээ Украинага  жасаган ракеталык кол салууларында 30 кишинин каза болгону, 160 кишинин жараланганы билдирилди.

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко Клименко социалдык медиа эсебинен берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө ракеталык кол салуулардан улам жарадар болгон жана каза болгон жарандар тууралуу маалымат берди.

Кол салуулардан улам колдогу маалыматтарга караганда 30 кишинин каза болгонун, 160 кишинин да жараланганын белгилеген Клименко, өлкө боюнча жалпы 58 жарандын куткарылганын, 8инин урандылардын астында калгандыгын айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээ жасаган билдирүүсүндө Россиянын  Украина аймагына 110 ракета менен чабуул жасаганын билдирген. 

 

Орус армиясынын төрөт үйү, мектеп, соода борбору,  үйлөр, соода кампалары жана унаа токтоочу жайларды бутага алганына көңүлдөрдү бурган Зеленский кол салуулардын Киев, Львов, Одесса, Днепр, Харьков, Запорожье жана башка шаарларда жасалганын айткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерреш  Россиянын Украинанын шаар жана айылдарына учкучсуз учуучу аппарат жана ракеталык чабуулдарын катуу айыптады.

Гутерриш жарандар жана жарандык инфраструктураларга кол салуулардын эл аралык гуманитардык укуктун бузулушу  жана кабыл алынгыс экенин белгиледи.

 



Тектеш кабарлар