Израилдин Бейт - Лахия шаарына жасаган кол салуусунда 30 палестиналык каза болду

Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын маалыматына караганда, Газа тилкесиндеги чабуулдар 83 күндөн бери уланууда.

2081901
Израилдин  Бейт - Лахия шаарына жасаган кол салуусунда  30 палестиналык каза болду

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндөгү Бейт - Лахия шаарында  жарандык отурукташуу жерине карата кол салуусунда кеминде  30 палестиналык каза болду.

Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын маалыматына караганда, Газа тилкесиндеги чабуулдар 83 күндөн бери уланууда.

Израиль аскерлеринин Газанын түндүгүндөгү Бейт - Лахия шаарында жарандык отурукташуу жерин  бутага алуусунда кеминде 30 палестиналык каза болду.

«Хайреддин,  ел  - Курд жана ел  - Кади»  үй – бүлөлөрүнө таандык үйлөр да бомбаланган кол салууда журналист Мухаммед Хайреддин жана Ахмед Махир Хайреддин да каза болду.

Израиль армиясы кечээ түндөн бери Газа тилкесинин борбордук бөлүктөрүнө жасаган кол салууларында көптөгөн палестиналыктарды өлтүрдү.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялады.

Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.

Чыңалуунун күчөшүндө көпчүлүгү балдар болгон 21 миң 100дөн ашуун палестиналык каза болду.

 



Тектеш кабарлар