Орусияда Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйыны өттү

Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин ишмердүүлүгүнө баа берилген жыйын андан кийин кеңейтилген курамда уланды.

2080910
Орусияда  Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйыны өттү

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйыны өттү.

Орусия Президенттигинин Кремль сарайында жасалган билдирүүгө караганда, Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин жетекчилигиндеги жыйынга Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Евразия Экономикалык комиссиянын Башкаруу Кеңешинин Төрагасы Михаил Мясникович катышты.

Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин ишмердүүлүгүнө баа берилген жыйын андан кийин кеңейтилген курамда уланды.

Бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Путин Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өнөр жай жана айыл чарба тармагында кызматташуусун тереңдеткенин жана бул багытта айрым келишимдерге кол коюлганын белгилеп: «Төлөмдөрдүн 90 пайызы улуттук валютада, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен өттү»,-деди.

«Түндүк-Түштүк» эл аралык транспорт коридорун камтыган ЕАЭБдин орток транспорттук системасын өнүктүрүү боюнча иштер уланып жатканын баса белгилеген Путин, Иран менен эркин соода келишими ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү тарабынан жактырылат деген үмүтү менен бөлүштү.

Путин ЕАЭБ менен Египеттин ортосунда келишим даярдалганын билдирди.

Жыйында ЕАЭБди 2045-жылга чейин өнүктүрүү боюнча декларация кабыл алынды.

 



Тектеш кабарлар