Индия 4 жашка чейинки балдарда  жөтөлгө каршы айрым сироптордун колдонулушуна тыюу салды

Тыюу салуу 2022 - жылы Гамбия, Өзбекстан, Индонезия, Камерун жана Индия сыяктуу өлкөлөрдө кеминде  141 баланын Индияда чыгарылган жөтөл сиропторунан  каза болушунан кийин келди.

2079762
Индия 4 жашка чейинки балдарда  жөтөлгө каршы айрым сироптордун колдонулушуна тыюу салды

Индия 4 жашка чейинки балдарда  жөтөлгө каршы айрым сироптордун колдонулушуна тыюу салды.

Тыюу салуу 2022 - жылы Гамбия, Өзбекстан, Индонезия, Камерун жана Индия сыяктуу өлкөлөрдө кеминде  141 баланын Индияда чыгарылган жөтөл сиропторунан  каза болушунан кийин келди. 

Индиянын Башкы Баңгизаттарды көзөмөлдөөчүсү (DCGI), суук тийүү жана жөтөл сыяктуу ооруларды дарылоодо колдонулган "хлорфенирамин малеат жана фенилэфрин аралашмасы" сироп жана таблеткаларын 4 жашка чейинки балдарга колдонууга тыюу салынганын жарыялады. 

Индиянын Башкы Баңгизаттарды көзөмөлдөөчүсү өндүрүүчүлөргө бул дарылардын кутуларынын үстүндө "4 жашка чейинки балдарга колдонууга тыюу салынган" деген сөздү жазуу мажбурдуулугун алып келди.  

Индияда да  2019 - 2020 -  жылы бул аралашмаларды камтыган сиропторду колдонгондугу айтылган  кеминде  12 баланын каза болгондугу белгиленди. 

Гамбияда октябрь айында  кеминде  70 баланын сатылган жергиликтүү парасаптемол камтыган сиропту ичкенден кийин 3 - 5  күндөн кийин каза болгондугу айтылган.

Балдардын өлүмүнүн Индияда чыгарылган жана АКШнын фармацевтикалык компаниясы аркылуу алынып келинген 4 жөтөл сиропко байланыштуу экени жарыяланды.

Индия өкмөтү Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Гамбиядагы  балдардын өлүмү менен байланыштыргандан кийин Индия өкмөтү 4 жөтөл сиробун иликтөөгө буйрук берген.

 

 



Тектеш кабарлар