Палестинаны колдоо митингдери

Палестинанын жүздөгөн тарапкерлери Республика аянтына чогулуп, Израиль-Палестина кагалышуусун токтотууну талап кылышты.

2059931
Палестинаны колдоо митингдери

Франциянын борбору Парижде Палестинаны колдоо үчүн чогулган демонстранттар Израиль-Палестина жаңжалын токтотууга чакырышты.

Палестинанын жүздөгөн колдоочулары Республика аянтына чогулуп, Израиль-Палестина кагалышуусун токтотууну талап кылышты.

Демонстранттар "Ок атышпоо", "Апартеидди токтоткула" жана "Израиль террорчу мамлекет, (Франциянын президенти Эммануэль) Макрон шериктеш" деген жазууларды, Палестинанын желектерин жана Газада каза болгон жарандардын сүрөттөрү менен баннерлерди көтөрүп жүрүштү.

Сербияда босниялык калк жыш жашаган Сандзак аймагынын эң чоң шаары Нови Пазарда да миңдеген кишинин катышуусунда Палестинага колдоо көрсөтүү демонстрациясы өттү.

Ан-Ниса аялдар коому тарабынан шаардын борборунда «Палестинага эркиндик жана тынчтык үчүн» урааны менен уюштурулган демонстрацияга 15 миңден ашуун киши катышты.

Эн-Ниса аялдар коомунун төрайымы Азра Семсович, эл аралык мекемелерди Израилдин Газада жасаган геноцидине үн катууга чакырып, Газа жана Палестинада тынчтыкты каалагандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар