Тай чи көнүгүүсү паркинсон белгилерин жайлатат

Daily Mail гезитинин маалыматына караганда, кытайлык илимпоздор 2016-2021-жылдар аралыгында эки топко бөлүнгөн 334 паркинсон бейтабын байкоого алган.

2056331
Тай чи көнүгүүсү  паркинсон белгилерин жайлатат

Тай Чи көнүгүүлөрү паркинсон белгилерин жайлатышы мүмкүн экендиги аныкталды. 

Daily Mail гезитинин маалыматына караганда, кытайлык илимпоздор 2016-2021-жылдар аралыгында эки топко бөлүнгөн 334 паркинсон бейтабын байкоого алган. 

Изилдөөдө байкоо топторунун бирине жумасына  2 жолу бир сааттан тай чи  көнүгүүлөрү жасатылса экинчи топ дары менен дарыланууну улантышкан. 

Ушунун негизинде тай чи көнүгүүсүнүн мээнин кыймылды көзөмөлгө алуу  менен милдеттенген аймагындагы клеткалардын иштебеши менен ортого чыккан оору болгон паркинсон оорусунун белгилерин жайлата алгандыгы байкалган. 

Тай чи  көнүгүүлөрүн аткарбагандарда дарынын дозасын көбөйтүү керек болгон бейтап саны 83,5 пайыздан  96 пайызга чыгып; бул көнүгүүнү аткарган топко караганда 71 пайыздан  87,5 пайызга жогорулады. 

Шанхайдагы Цзяо Тонг университетинин медицина факультетинин изилдөөчүсү доктор Ген Ли тай чи менен машыккан адамдарда паркинсондун симптомдору жайлап, уйку жана жашоо сапаты жакшырганы аныкталгандыгын белгиледи. 

Ген изилдөөнүн натыйжасында  тай чинин паркинсон оорусу боюнча узун мөөнөттүү пайдалуу таасирин сактагандыгын, басуу, тең салмактуулук жана когнитивдик жөндөмдүүлүк сыяктуу кыймылдаткыч жана кыймылсыз симптомдорду жайлатуучу таасири бар экендигин айтты. 

Паркинсон бейтаптарынын 96 пайызынын 50 жаштан жогорукулар экендиги жана дүйнөдө 10 миллиондон ашуун адамга таасирин тийгизгендиги маалымдалууда. 

Тай чи  согуш өнөрүнөн алынган салттуу кытай медицинасынын энергетикалык көнүгүүлөрдүн бир бөлүгү болгон физикалык дисциплина катары белгилүү.

Изилдөөнүн жыйынтыгы Journal of Neurology, Neurosurgery and Psychiatry журналында жарыяланды. 

 



Тектеш кабарлар