Германиядагы шайлоодо парламентке түрк тектүү 5 мүчө кирди

Германиянын Бавария жана Гессен шаарларында жекшемби күнү өткөрүлгөн шайлоодо мамлекеттик парламентке түрк тектүү 5 депутат шайланды.

2049827
Германиядагы шайлоодо парламентке түрк тектүү  5 мүчө кирди

Германиянын Бавария жана Гессен шаарларында жекшемби күнү өткөрүлгөн шайлоодо мамлекеттик парламентке түрк тектүү 5 депутат шайланды.

Так болбогон жыйынтыктарга караганда Гессен штатынан Социал - демократиялык партиядан (СПД) Тургут Йүксел менен Эркин демократиялык партиядан (ФДП) Янкы Пурсун штат парламентине,   Баварияда  Жемал Бозоглу менен Гүлсерен Демирел Жашылдардан жана СПДден Ариф Ташделен штат парламентинин мүчөсү болууга укугуна ээ болду.

Христиан демократиялык биримдик партиясы Гессенде  34,6  пайыз, Бавария штатында 37 пайыздык добуш менен шайлоодо биринчи партия болду. 

Эки штатта тең эң чоң секирик ашкере оңчул Германия үчүн альтернатив партия (AfD) тарабынан жасалды. AfD 14,6 пайыз менен Бавариядагы үчүнчү партия болуп, мурдагы шайлоого салыштырмалуу добушун 4,4 баллга көбөйттү. Гесседе AfD мурдагы шайлоого караганда добушун 5,3 баллга көбөйтүп, 18,4 пайыз менен экинчи партия болду.

Германиянын канцлери Олаф Шольц мүчө болгон СПД 5 жыл мурда өткөрүлгөн шайлоолорго караганда Гессенде 3,8, Баварияда 1,2 балл жоготту.

Солчул партия эки штатта тең парламентке кире алган жок.

 



Тектеш кабарлар