Зеленский-Мелони жолугушуусу

Мелони Зеленский менен Европа саясий шериктештигинин (АСТ) 3-жыйынында жолугушту.

2046919
Зеленский-Мелони жолугушуусу

Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони Украинанын президенти Владимир Зеленскийге Украинада адилеттүү жана туруктуу тынчтык орногонго чейин колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын билдирди.

Италиянын премьер-министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Мелони Зеленский менен Европа саясий шериктештигинин (АСТ) 3-жыйынында жолугушту.

Премьер-министр Мелони Итальян өкмөтүнүн Украинанын органдарына адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүү максатында зарыл болгонго чейин маанилүү инфраструктураны коргоо жана Киевдин кышка даярдык муктаждыктары үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантарын кабарлады.

Зеленский да премьер-министрге жана итальян өкмөтүнө украин мекемелерине жана украин элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Эки лидер азык-түлүк кризисине кабылган Африка өлкөлөрүнө буудай ташууну кантип камсыздоону да талкуулашты.

Италиядагы жалпы шайлоодо жеңишке жетишип 2022-жылдын октябрында бийликке келген оңчул коалициялык өкмөттүн премьер-министри Мелони, шайлоо өнөктүгү учурунда жана андан кийин Украинага толук колдоо көрсөтө тургандарын айткан.

Мелони өкмөтү кызматка киришкенден кийин парламенттен 2023-жылдын 31-декабрына чейин Украинага курал-жарак жардамын камтыган колдоо көрсөтүүгө уруксат алган.

Орусия-Украина согушу 2022-жылдын 24-февралында башталгандан бери Италия, парламенти тарабынан кабыл алынган 7 башка пакеттин алкагында Украинага экономикалык жардам, ошондой эле каска, түрдүү калибрдеги ок-дарылар, танкка каршы системалар, миномет, ракета аткычтар, жеңил жана оор пулемёттор, FH70 гаубицалары, Samp-T абадан коргонуу системаларын берген.



Тектеш кабарлар