Ирандын Зангезур коридору жана транспорт жолдору тууралуу билдирүүсү

Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани борбор шаар Тегеранда өткөргөн маалымат жыйынында күн тартибине баа берди.

2045226
Ирандын Зангезур коридору жана транспорт жолдору тууралуу билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Зангезур коридоруна байланыштуу билдирүүсүнө байланыштуу Иран: «Ар кимге пайда алып келе турган жана бакубатчылык алып келе тургандай транспорт жолдорунун өнүгүшүнө катышаарын» жарыялады.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани борбор шаар Тегеранда өткөргөн маалымат жыйынында күн тартибине баа берди.

Президент Эрдогандын өткөн жумада Нахчывандан кайтып келе жатканда Зангезур коридоруна байланыштуу журналисттерге берген билдирүүсү эске салынган Кенани: «Ташуу жолдорунун ар кимге пайда алып келе турган жана бакубатчылык алып келе тургандай өнүктүрүлүшүнө макулбуз, бирок биз дагы геосаясий өзгөрүүлөргө каршыбыз»,-деди.

Чек аралардын өзгөрүшүн кабыл албагандарын белгилеген Кенани: «Биз Азербайжан менен Армениянын аймактык бүтүндүгүн колдойбуз. Карабахтын Азербайжанга кайтарылышы боюнча биздин позициябыз ачык эле жана биз аны дайыма колдоп келгенбиз. Бирок биз талаш-тартыштарды чек араларды өзгөртүү менен чечүүгө каршыбыз»,-деди.

Президент Эрдоган Нахчывандан кайтып келгенден кийин Зангезур коридоруна байланыштуу төмөнкүдөй билдирүүлөрдү жасады:«Биздин тилегибиз бул жерлерди тынчтык коридоруна айландыруу менен ачуу. Азырынча согуш үстөмдүк кылган коридор жөнүндө ойлонууга мүмкүн эмес. Себеби Зангезур менен Лачын коридорлорун тең тынчтык коридору катары карай турган болсок, анда биз бул көйгөйдү эч кандай урушсуз же ызы-чуусуз чечишибиз керек.

Айрыкча бул темир жол системалары экенин эске алсак, Түркиядан келе жаткан поезд Нахчывандан, Армениядан өтүп, Азербайжанга барат. Армения аркылуу өтүүгө келсек. Армения бул маселеге жол ачпаса, кайда барат? Ал Иран аркылуу өтөт. Учурда Иран буга оң көз карашта, позитивдүү карагандыктан, эми Ирандан Азербайжанга өтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот».



Тектеш кабарлар