Мароккодогу жер титирөөдөн каза болгондордун саны көбөйдү

Марокко өкмөтүнүн басма сөз катчысы Мустафа Байтас, кабинет жыйынынан кийин басма сөзгө берген маалыматында жер титирөөдөн каза болгондордун санынын 2 миң 960ка жеткенин айтты.

2043281
Мароккодогу жер титирөөдөн каза болгондордун саны көбөйдү

Мароккодо 8-сентябрга караган түнү болгон жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 2960ка жетти.

Марокко өкмөтүнүн басма сөз катчысы Мустафа Байтас, кабинет жыйынынан кийин басма сөзгө берген маалыматында жер титирөөдөн каза болгондордун санынын 2 миң 960ка жеткенин айтты.

Кыйраган үйлөрдү аныктоо иштеринин да уланып жатканын белгилеген Байтас, өкмөттүн жабыркаган үйлөрдү аныктоо иштеринин келерки айда бүтүрүүнү үмүт кылганын билдирди.

Байтас, ушул айдан баштап жана бир жыл бою жер титирөөдөн жабыркаган ар бир үй-бүлөгө ай сайын 2500 дирхам (250 доллар) төлөнөрүн маалымдады.

Мароккодо 8-сентябрга караган түнү күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, эпицентри Марракештин Эль-Хуз аймагында катталган.

Расмий органдардын билдирүүсүндө, жер титирөөдөн аймактагы калктын үчтөн экисине барабар болгон 2,8 миллион кишинин жабыр тартканы жана кыйраган үйлөрдүн санынын 60 миңге жакын экени белгиленген.


Этикеткалар: #Марокко өкмөтүнүн

Тектеш кабарлар