Лавров : АКШ контрабандалык жол менен Сириядан мунай жана дан ташып жатат

Лавров Тунистин тышкы иштер министри Набил Аммар менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2042751
Лавров : АКШ контрабандалык жол менен Сириядан мунай жана дан ташып жатат

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Америка Кошмо Штаттарынын  Евфрат дарыясынын чыгышында жарым күрт мамлекетин куруп, Сириядан мунай менен дан ташыгандыгын айтты.

Лавров Тунистин тышкы иштер министри Набил Аммар менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Сирия маселеси тууралуу Астана форматынын алкагында Түркия жана Иран менен иштешкендерин эске салган Лавров, Батыштын санкцияларынан улам Сириянын экономикасында олуттуу маселелердин уланып жаткандыгын белгиледи.

Лавров АКШнын Евфрат дарыясынын чыгышындагы кыймылдарынын да экономикага терс таасирин тийгизгенине көңүл буруп : "Бул жерде АКШ негизинен жарым күрт мамлекетин түзүп, Сирия мунайын жана Сирия данын контрабандалык жол менен ташып жатат",- деди. 

 



Тектеш кабарлар