Сомалиде бомбалуу кол салуу болду

Улуттук маалымат каражаттарында чыккан кабарларга караганда, Сомалинин Беледвейн шаарындагы текшерүү пунктуна бомба жүктөлгөн жүк ташуучу унаа менен кол салуу болду.

2041314
Сомалиде бомбалуу кол салуу болду

Сомалинин Беледвейн шаарындагы көзөмөл пунктуна кечээ бомба жүктөлгөн жүк ташуучу унаа менен  кол салууда каза болгондордун саны 18ге жетти.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, Сомалинин Беледвейн шаарындагы көзөмөл-өткөрүү пунктунда жарылуучу зат жүктөлгөн унаа жардырылды.

Кол салууда каза болгондордун саны 18ге, жаракат алгандардын саны 40ка жетти.

Бийликтер кол салууда чоң зыян келтирилгенин билдиришти.

Беледвейн шаары Сомалинин борбордук бөлүгүндөгү жана соңку кездери армия менен Аль-Шабабдын ортосунда кагылышуулар болгон Хиран аймагында жайгашкан.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек, бирок кол салуунун артында террордук уюм Аль-Шабаб турганы айтылууда.

Аль-Шабаб козголоңчулары 2007-жылдан бери Сомалиде өкмөткө жана Африка Биримдигинин тынчтык күчтөрүнө каршы согушуп келет жана башка соңку жардырууларды да өз мойнуна алышкан.



Тектеш кабарлар