Google'дун жасалма интеллекти ооруну жаратуучу гендерди табат

BBC кабарына ылайык, колдонулган жасалма интеллект программасы ДНКдагы өзгөрүүлөрдү аныктай алат.

2039980
Google'дун жасалма интеллекти ооруну жаратуучу гендерди табат

Google'дун жасалма интеллектти иштеп чыгуучу DeepMind компаниясы, жасалма интеллекттин жардамы менен адамдын ДНКсында (Деоксирибо нуклеиндик кислота) ооруну жаратуучу гендерди аныктоону тездетип жатат.

BBCнин кабарына ылайык, колдонулган жасалма интеллект программасы ДНКдагы өзгөрүүлөрдү аныктай алат.

AlphaMissense деп аталган жаңы система, адамдын ДНК тилкесиндеги компоненттердин тартибин көзөмөлдөө менен иштейт. Тизмектеги ката, дене клеткалары жана ткандарынын туура эмес өндүрүлгөнүн жана ооруга алып келиши мүмкүн экенин көрсөтөт.

DeepMind компаниясынан Пушмит Кохли, ДНКдагы бардык маанилүү мутациялардын 89 пайызын жаңы система менен аныкташкандарын айтты.

Европанын молекулярдык биология лабораториясынын башкы директорунун орун басары, профессор Эван Бирни өнүгүүнү чоң кадам катары сыпаттап: «Бул, клиникалык изилдөөчүлөргө ооруну жаратышы мүмкүн болгон жерлерди табуу үчүн кайсыл жерди кароо керектигин биринчи орунга коюуга жардам берет»,-деп айтты.

Жаңы системанын диагностиканы тездетип жакшыраак дарылоону издөөгө жардам берет деп күтүлүүдө.

DeepMind өткөн жылы жасалма интеллект аркылуу адамдын денесиндеги дээрлик бардык белоктордун формасын чечкен.

AlphaMissense аркылуу жүргүзүлгөн изилдөө "Science" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар