Мароккодо жер титирөө аймагында 6,6 миллион киши жашап жатат

Эл аралык Кызыл Крест Кызылай  коомдору федерациясы (IFRC) Мароккодогу жер титирөөнүн жыйынтыгы боюнча жаңы отчетун жарыялады.

2038254
Мароккодо жер титирөө аймагында  6,6  миллион киши жашап жатат

Мароккодогу жер титирөөдөн жапа чеккен аймактарда 6,6 миллион адамдын  жашап жаткандыгы маалым болду.

Эл аралык Кызыл Крест Кызылай  коомдору федерациясы (IFRC) Мароккодогу жер титирөөнүн жыйынтыгы боюнча жаңы отчетун жарыялады.

Ушуга караганда  Мароккодо   8 -  сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:00 чамаларында  6,8 баллдык жер титирөө болду. 19 минутадан кийин  күчү 4,9 баллга жеткен титирөө дагы болду.  

Эпицентри Марракеш шаарынын  71 километр түштүк чыгышындагы Жогорку Атлас тоолору деп билинген жер титирөө Португалия жана Алжирде да сезилди. 

Жер титирөөнүн эпицентринин 50 километр жакындарында 380 миңге жакын киши, жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда  6,6 миллион киши жашап жатат. 

Марокко ички иштер министрлиги акыркы маалыматтарга караганда жер титирөөдө каза болгондордун саны 2 миң 946, жаралуулардын саны 5 миң 674 экендигин жарыялаган. 

Аймактагы жер көчкү коркунучу куткаруу жана жардам иштерин кыйындатып,  өзгөчө кырдаал кызматынын топтору муктаж болгондорго жетүүдө кыйналууда. 

 



Тектеш кабарлар