Мароккодогу жер титирөө
Жер титирөөдөн жабыркаган жерлерде жашоочулар да издөө-куткаруу иштерине катышууда.
Мароккодо 2901 кишинин өмүрүн алган жер титирөөнүн бешинчи күнүндө издөө-куткаруу иштери уланууда.
Топтор жер титирөөдөн жабыркаган аймактардагы урандылардын астында калгандарга жетүү үчүн иш-аракеттерин улантып жатышат.
Бийик тоолордо жайгашкан айыл-кыштактардын аралыгы, жолдордун тайгалактыгы куткаруучу топтордун ишин кыйындаткан факторлордон.
Жер титирөөдөн жабыркаган жерлерде жашоочулар да издөө-куткаруу иштерине катышууда.
Марокконун падышасы Мухаммед VI кечээ Марракештеги ооруканада дарыланып жаткан жер титирөөдөн жабыркагандарды көрүп барып, кан тапшырды.
Мароккодо 8-сентябрга караган түнү саат 23.10до күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, эпицентри Марракеш шаарынын Эль-Хуз аймагында катталган.
Жер титирөөдөн Марракештен тышкары борбор шаар Рабат менен Касабланка, Мекнес, Агадир жана Фес шаарлары да таасирленген.
Марокконун Ички иштер министрлиги жер титирөөдөн 2 миң 901 кишинин каза болгонун, 5 миң 530 кишинин жаракат алганын билдирген.