АКШнын Өкүлдөр палатасы Иранга курал - жарак импортун чектөө боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

Мыйзам долбоору Өкүлдөр палатасынын 410 добушуна каршы 3 каршы добуш менен кабыл алынды.

2036810
АКШнын  Өкүлдөр палатасы Иранга курал - жарак импортун  чектөө боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

Америка Кошмо Штаттарынын  Өкүлдөр палатасы Иранга курал - жарак импортун жана экспортун чектөө боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.

Мыйзам долбоору Өкүлдөр палатасынын 410 добушуна каршы 3 каршы добуш менен кабыл алынды.

Иранга курал - жарак импортун жана экспортун чектөө боюнча мыйзам долбоору ракеталарды жана учкучсуз учуучу аппараттарды  өндүрүү жана экспорттоодо роль ойногон жетекчилерге   багытталган.

Мыйзам долбоору өзгөчө "адам укуктарын бузган жана терроризмди колдогон"  деген негиз менен  Ирандын диний лидери Айетуллах  Али Хаменей жана президент Ибрахим Реиси да араларында болгон айрым эогорку мартабалуу өкмөт  жетекчилерине карата санкцияларды карайт.  

Өкүлдөр палатасы кабыл алган мыйзам долбоору мыйзамга айланышы үчүн сенатта кабыл алынып, андан кийин АКШнын президенти Жо Байден тарабынан бекитилиши керек.

Өкүлдөр палатасы кабыл алган эки башка чечим долбоорунда Ирандын бахаи азчылык тобуна каршы "укуктарын бузуулары" жана анын Махса Эмининин өлүмү жана андан кийинки нааразылык акцияларына карата кийлигишүүсү айыпталды.

Республикачылдар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр парламентинде адам укуктарынын бузулушу жана ракета программасына байланыштуу Иранга каршы чечим долбоорлорун өткөрүүдө. 

Иран менен макулдашылган туткундарды алмашууну ишке ашыруу үчүн АКШ администрациясы Ирандын Түштүк Кореядагы болжол менен 6 миллиард долларлык активдерин колдонууга санкциялардан бошоткон.

 

 



Тектеш кабарлар