Орусиянын эң ири жез кенинде өндүрүш башталды

Удокандагы жезди кайра иштетүүчү завод Орусиянын президенти Владимир Путин видеоконференция аркылуу катышкан азем менен ишин баштады.

2035856
Орусиянын эң ири жез кенинде өндүрүш башталды

Орусиянын эң ири жез кени Удоканда кайра иштетүүчү заводдун ишке киргизилиши менен биринчи жез концентраты өндүрүлдү.

Удокандагы жезди кайра иштетүүчү завод Орусиянын президенти Владимир Путиндин видеоконференция аркылуу катышуусундагы азем менен ишин баштады.

Алгачкы жез концентраты да өндүрүлгөн ишканада жылына 150 миң тонна жез өндүрүү максат кылынууда.

Батышта Байкал көлү, чыгышта Тынч океандын ортосунда жайгашкан Удокан 26,7 миллион тонна кору менен Орусиядагы эң чоң, ал эми дүйнөдө жездин запасы боюнча үчүнчү орунда турат.

Негизинен өзбек жана орусиялык миллиардер Алишер Усмановго таандык USM Holding, 2008-жылы керектүү уруксаттарды алып Удокандагы ишин баштаган.



Тектеш кабарлар